Япониялык ROTOBO компаниясынын делегациясы Кыргызстанга келди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ROTOBO делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

“Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк түз инвестицияларды, инновациялык технологияларды жана чет өлкөлүк компаниялардын тармактык тажрыйбасын тартууга өзгөчө маани берет, ошондуктан мамлекет инвестициялык жана соода саясатын өркүндөтүү, сатуу рыногун жогорулатуу жана жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатат”, - деп кошумчалады Касымалиев. 

 Адылбек Касымалиев Өнөр жай жана өндүрүш ишканаларына инвестицияны стимулдаштыруу максатында КРнын бир катар жеңилдетилген калктуу конуштары аныкталганын, аларда инвестициялык ишмердүүлүк 10 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылдык мөөнөткө салыктын 4 түрүн төлөөдөн бошотулганын белгиледи

Мындан тышкары, япон тарап Япония өкмөтүнүн Борбордук Азия өлкөлөрүнө, атап айтканда Кыргыз Республикасына кызыгуусу өсүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.