> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ИПДсы 1 трлн сомдон ашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/11/28/kyrghyzstandyn-ipdsy-1-trln-somdon-ashty/
- Published: 2023-11-28T09:30:31.000Z
- Updated: 2023-11-28T09:30:31.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтындагы атайын эсептегичтеги маалыматтар учурда 1 трлн 21 млрд сомдон ашты.**

Минкаб билдиргендей, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ИДП өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында, биринчи жолу 1 трлн сомдун чегинен өтөөрүн билдирген.

> “2023-жылы калктын жан башына ИДПнын көлөмү 1 900 долларды түздү. Былтыр 1 665 доллар болчу, салыштырганда акыркы 3 жылда 669 долларга өстү. Ошол эле 2010-2020-жылдарды алсак, 10 жыл аралыгында алсак өсүү 311 долларды түзгөн”-деп белгилеген Акылбек Жапаров