Кыргызстандын ИПДсы 1 трлн сомдон ашты

Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтындагы атайын эсептегичтеги маалыматтар учурда 1 трлн 21 млрд сомдон ашты.

Минкаб билдиргендей, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында  министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ИДП өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында, биринчи жолу 1 трлн сомдун чегинен өтөөрүн билдирген.

“2023-жылы калктын жан башына ИДПнын көлөмү 1 900 долларды түздү. Былтыр 1 665 доллар болчу, салыштырганда акыркы 3 жылда 669 долларга өстү. Ошол эле 2010-2020-жылдарды алсак, 10 жыл аралыгында алсак өсүү 311 долларды түзгөн”-деп белгилеген Акылбек Жапаров