Транспорт министрлигинин бюджети 16.7 млрд сомду түзөт

2023-жылдын 10 айында кр транспорт министрлигине 12.1 млрд сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Алар:

·         жолдорду оңдоого жана тейлөөгө – 2 млрд 87.3 млн сом;

·         битум сатып алууга – 395.7 млн ​​сом;

·         346.9 млн сом – кредитордук карызды жабууга;

·         жабдууларды сатып алуу – 1.2 млрд сом;

·         Жол фондуна – 1.7 млрд сом;

·         Мамлекеттик инвестициялык программа (МИП) боюнча – 5.2 млрд сом

·         Капиталдык салымдар – 1.4 млрд сом.

Бүгүнкү күндө калдык 3.6 млрд сомду түзөт.

Каралган каражаттардын алкагында 2023-жылга карата жол тармагынын негизги иш-чаралары:

·         1.3 млрд сом суммасында жол куруу техникасын сатып алууга;

·         30 миң тонна өлчөмүндө битум сатып алуу;

·         учурдагы бюджет боюнча 249.6 км жолду асфальттоо;

·         «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржыланган объектилер үчүн 188.8 км жолду асфальттоо.