Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.

Улуттук банктын акча-кредит саясатынын чаралары инфляцияны төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн. Жылдык инфляциянын көрсөткүчтөрү бир калыпта жай төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө – 2023-жылдын ноябрь айында ал 8%ды түзгөн, бул 2023-жылдын башына карата белгиленген көрсөткүчтөн 6.7% пунктка төмөн дегенди билдирет.

Инфляциянын түзүмүндө туруктуу басаңдоо азык-түлүк товарларында катталган, аларга болгон баалардын өсүшү айрым товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тарабынан убактылуу көрүлгөн чараларды эске алганда, жылдык мааниде 2023-жылдын башына карата 15,8 пайыздан 2023-жылдын ноябрь айында 3.9%га чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда, азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар, тариф саясаты боюнча жүргүзүлгөн чаралардын таасирин жана байкалган ички жогорку суроо-талапты чагылдыруу менен мурдагы маанилерде сакталган.