Кытайга карантинге алынган продукцияны экспорттоодогу негизги талаптардын түшүндүрмөсү

Айыл чарба министрлиги Кытайга карантинге алынган продукцияны экспорттоодогу негизги талаптар тууралуу түшүндүрмөсүн берди.

Маалыматка ылайык, экспортчулар төмөнкү талаптарды аткарууга зарыл:

• экспортттолуучу айыл чарба өсүмдүктөрү өндүрүлгөн бакчаларды, кампа, таңгактоочу ишканаларды жана сактоо пункттарын каттоо;

• зыяндуу организмдерге жана иш-чараларга натыйжалуу мониторинг жүргүзүү;

• зыяндуу организмдерге натыйжалуу мониторинг жүргүзүү жана вегетация мезгилинде өсүмдүктөрдү коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

• муздак шартта кармоо же фумигациялоо;

• чогултуу, иштетүү, сактоо жана ташуу процессинде элөө, тазалоо, дезинфекциялоо (соя жана жүгөрү экспорттоодо);

• карантиндик зыяндуу организмдер болбошу керек;

• таңгактын жана маркалоонун болушу;

• фитосанитардык сертификациялоо (Фитосанитардык сертификат болушу);

• мөмө-жемиштердин бузулбай сактоо жана ташуу режимин

• камсыздоо;

• Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын расмий порталында катталуу (China Import Food Enterprises Registration - CIFER).