“Альянс Алтын” жергиликтүү өнүктүрүү фонддорду 1 млрд сомго толуктады

Талас облусундагы Жерүй кенин иштетип баштагандан бери “Альянс Алтын” ишканасы үч жергиликтүү өнүктүрүү фондуна 1 млрд 17 млн сом которду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттар “Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө” беренеси боюнча кирешенин 2% өлчөмүндө которулат жана төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 508.6 млн сом;

• Талас районун өнүктүрүү фонду (30%) – 305 млн сом;

• Бекмолдоев айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) – 203 млн сомдон ашык.

Жогорудагы фонддор Кыргызстан тарабынан түзүлгөн. «Альянс Алтын» компаниясы башкаруу иштери менен алектенбейт. Ишкананын өзүнүн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду бар, бүгүнкү күндө ага которулган каражаттын жалпы суммасы 1 млрд 50 млн сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, 2015-жылдан 2023-жылдын ноябрь айына чейин «Альянс Алтын» Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 14.2 млрд сом (анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн киреше 9.8 млрд сомду түзгөн) төлөгөн. 2023-жылдын январь-ноябрь айларында салык төлөмдөрү 4.7 млрд сомду түздү.

«Альянс Алтын» ЖЧКсында 859 кызматкер иштейт: Кыргызстандын 836 жараны жана 23 чет элдик адистер. 518 кызматкер Талас районунун тургундары. Ишкана тарабынан 361 адам тоо-кен казып алуу боюнча окуудан өткөн. Алардын ичинен 224ү тандоо комиссиясынын ишинин жыйынтыгы менен “Альянс Алтынга” ишке орношкон.