Бишкекке автобустарды сатып алууга бюджеттен 8.8 млрд сом каралган

2023-жылы Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 3.8 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда, 2023-жылдын 15-мартындагы ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кытай тарап Кыргыз Республикасына 86.5 млн долларына бир миң даана автобустарды камсыздап берет. Анын ичинен 500ү 2023 жылы, калган 500 автобусту 2024-жылы алып келүүсү күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги келишимге жана графикке ылайык 4.5 млрд сом каржылады.

Мындан тышкары, Бишкектин мэриясына автобустарды сатып алууга 4.3 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 1.1 млрд сому бажы төлөмдөрүнө, калган 3.1 млрд сому келишимден калган сумма.