> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар Соцфонддун бюджетиy талкуулашууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/11/30/dieputattar-sotsfonddun-biudzhietiy-talkuulashuuda/
- Published: 2023-11-30T09:20:15.000Z
- Updated: 2023-11-30T09:20:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Социалдык фонддун 2023-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” жана “Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралууда. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.**

Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев бул тармактын финансылык көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады.

Социалдык фонддун 2023-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 102 млрд сом (ИДПдан 9.5%) суммасында же бекитилген бюджеттен 5.9 млрд сомго көп түзүлдү. 2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 62.9 млрд сом суммасында күтүлүүдө. Бекитилген бюджетке салыштырмалуу өсүш 8.4 млрд сомду же 15.4% түзөт.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 2023-жылга 38.1 млрд сом суммасында такталды, бул бекитилген бюджеттен 3.2 млрд сомго аз.