Депутаттар Соцфонддун бюджетиy талкуулашууда

Бүгүн, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Социалдык фонддун 2023-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” жана “Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралууда. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев бул тармактын финансылык көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады.

Социалдык фонддун 2023-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 102 млрд сом (ИДПдан 9.5%) суммасында же бекитилген бюджеттен 5.9 млрд сомго көп түзүлдү. 2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 62.9 млрд сом суммасында күтүлүүдө. Бекитилген бюджетке салыштырмалуу өсүш 8.4 млрд сомду же 15.4% түзөт.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 2023-жылга 38.1 млрд сом суммасында такталды, бул бекитилген бюджеттен 3.2 млрд сомго аз.