> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт чекене жана дүң сооданы фискалдаштыруу боюнча иштериндеги кемчиликтерди белгиледи
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/04/okmot-chiekienie-zhana-dun-soodany-fiskaldashtyruu-boiuncha-ishtierindieghi-kiemchiliktierdi-bielghiliedi/
- Published: 2023-12-04T03:47:55.000Z
- Updated: 2023-12-04T03:47:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, менчик ээлеринин, соода кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү менен жооптуу мамлекеттик органдардын жыйыны өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Акылбек Жапаров маалымат ишинин жетишсиздигинен кабыл алган салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк калыптанганын айтты.

> «Эң негизгиси, биз түшүнүшүбүз керек, биздин чакан чекене соодагерлердин басымдуу көпчүлүгү үчүн мамлекет жетекчилигинин чечими менен алар үчүн патент гана жокко чыгарылбастан, башка бир катар жеңилдиктер каралган.

Чакан азык-түлүк дүкөндөрүн иштеткен, базарларда майда соода менен алектенген үй бүлөөлөр ар кандай салык төлөөдөн толугу менен бошотулган, анткени алардын товар жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпейт», - деди Акылбек Жапаров жыйында.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, белгилүү бир күчтөр маалыматтын жетишсиздигинен пайдаланып, соодагерлерди тукуруу аракетин көрүүдө.