Өкмөт чекене жана дүң сооданы фискалдаштыруу боюнча иштериндеги кемчиликтерди белгиледи

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, менчик ээлеринин, соода кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү менен жооптуу мамлекеттик органдардын жыйыны өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Акылбек Жапаров маалымат ишинин жетишсиздигинен кабыл алган салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк калыптанганын айтты.

«Эң негизгиси, биз түшүнүшүбүз керек, биздин чакан чекене соодагерлердин басымдуу көпчүлүгү үчүн мамлекет жетекчилигинин чечими менен алар үчүн патент гана жокко чыгарылбастан, башка бир катар жеңилдиктер каралган.

Чакан азык-түлүк дүкөндөрүн иштеткен, базарларда майда соода менен алектенген үй бүлөөлөр ар кандай салык төлөөдөн толугу менен бошотулган, анткени алардын товар жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпейт», - деди Акылбек Жапаров жыйында.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, белгилүү бир күчтөр маалыматтын жетишсиздигинен пайдаланып, соодагерлерди тукуруу аракетин көрүүдө.