Таласта дем берүүчү гранттардын эсебинен 40.6 млн сом жумшалды

Талас облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 40.6 млн сом суммасында 20 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Сарпталган каражаттар:

·         9 мектепке – 17.6 млн сом;

·         1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 2.6 млн сом;

·         4 спорттук курулуштарга – 8.1 млн сом;

·         3 маданий маанидеги объектиге – 5.6 млн сом;

·         3 бала бакчага – 6.7 млн сом жумшалды.