> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 139.5 млн сом жумшалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/06/zhalal-abad-oblusuna-diem-bieruuchu-ghranttardyn-esiebinien-139-5-mln-som-zhumshaldy/
- Published: 2023-12-06T10:50:40.000Z
- Updated: 2023-12-06T10:50:39.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 139.5 млн сом суммасында 73 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Алар:

· 22 мектепке – 38.8 млн сом;

· 5 саламаттык сактоо мекемелерине – 7.5 млн сом;

· 27 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 57.9 млн сом;

· 3 спорттук курулуштарга – 8.3 млн сом;

· 6 маданий маанидеги объектиге – 10.9 млн сом;

· 10 бала бакчага – 16.1 млн сом жумшалды.