Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 139.5 млн сом жумшалды

Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 139.5 млн сом суммасында 73 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Алар:

·         22 мектепке – 38.8 млн сом;

·         5 саламаттык сактоо мекемелерине – 7.5 млн сом;

·         27 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 57.9 млн сом;

·         3 спорттук курулуштарга – 8.3 млн сом;

·         6 маданий маанидеги объектиге – 10.9 млн сом;

·         10 бала бакчага – 16.1 млн сом жумшалды.