Нарын облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 61.5 млн сом жумшалды

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 61.5 млн сом суммасында 34 долбоор каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Алар:

- 9 мектепке – 20.1 млн сом;

- 3 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектине 3.8 млн сом

- 7 спорттук курулушка – 9.2 млн сом;

- 9 маданий маанидеги объектиге – 14.3 млн сом;

- 6 бала бакчага – 14.1 млн сом.