2023-жылы карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 838 миң тоннаны түздү

Үстүбүздөгү жылдын 11 айына карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 838 183 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Импорт боюнча негизги карантинге алынган продукциялар:

·         дан өсүмдүктөрү – 225 976 тонна;

·         техникалык өсүмдүктөр – 60 447 тонна;

·         жаңгак – 133 778 тонна;

·         жемиштер – 40 749 тонна;

·         көчөттөр – 14 579 777  даана;

·         жашылчалар – 74 259 тонна;

·         бакча өсүмдүктөрү – 35 611 тонна;

·         цитрус жана башка тропикалык жемиштер – 29463 тонна.