> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “АЧК-11” долбоору толугу менен өздөштүрүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/13/achk-11-dolbooru-tolughu-mienien-ozdoshturuldu/
- Published: 2023-12-13T11:45:15.000Z
- Updated: 2023-12-13T11:45:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору толугу менен өздөштүрүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышкан. Кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзгөн.

2023-жылдын 7-декабрына карата аталган Долбоордун алкагында республиканын 7 339 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3.3 млрд сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Бүгүнкү күндө бул долбоор толугу менен өздөштүрулду .