> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бюджеттен Ысык-Көл облусуна 1.17 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/13/biudzhiettien-ysyk-kol-oblusuna-1-17-mlrd-som-bolundu/
- Published: 2023-12-13T06:10:28.000Z
- Updated: 2023-12-13T06:10:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-ноябрь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 1 млрд 174.7 млн сом акча каражаты каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер:

· теңдөөчү трансферттер – 246.6 млн сом;

· электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 26.6 млн сом;

· ыйгарым укуктарды берүүгө – 27.6 млн сом;

· айылдардын Генералдык планын иштеп чыгууга – 6.8 млн сом.

· жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41.2 млн сом;

· бирдиктүү салыктын ордун толтурууга – 90.9 млн сом;

· Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685 млн сом;

· Түп районунун айыл өкмөттөрүнө – 50 млн сом.