Бюджеттен Ысык-Көл облусуна 1.17 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын январь-ноябрь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине 1 млрд 174.7 млн сом акча каражаты каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер:

·         теңдөөчү трансферттер – 246.6 млн сом;

·         электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 26.6 млн сом;

·         ыйгарым укуктарды берүүгө – 27.6 млн сом;

·         айылдардын Генералдык планын иштеп чыгууга – 6.8 млн сом.

·         жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41.2 млн сом;

·         бирдиктүү салыктын ордун толтурууга – 90.9 млн сом;

·         Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685 млн сом;

·         Түп районунун айыл өкмөттөрүнө – 50 млн сом.