> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусуна 1.17 млрд сом бөлүндү – Финансы министрлиги
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/13/osh-oblusuna-1-17-mlrd-som-bolundu-finansy-ministrlighi/
- Published: 2023-12-13T03:02:15.000Z
- Updated: 2023-12-13T03:02:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 11 айында Ош облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд 172.8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Анын ичинен:

Бюджеттер аралык трансферттер:

· теңдөөчү трансферт – 845.3 млн сом;

· ыйгарым укуктарды берүүгө – 62.3 млн сом;

· электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 19.8 млн сом;

· башкы план – 55.3 млн сом;

· Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздардын тамак-ашына) – 2 млн сом каралган;

· жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 54.7 млн сом;

· бирдиктүү салыктын ордун толтурууга – 96.6 млн сом;

· Алай району (Талды-Суу а/о) – 5.4 млн сом;

· Өзгөн району (Ак-Жар жана Ийри-Суу а/о) – 18.5 млн. сом;

· Көк-Жар айыл өкмөтү Ноокат району Ош облусу (2023-жылдын 25-октябрындагы №651-т тескеме КМКР) – 3.5 млн сом;

· Үчтөбө айыл өкмөтү Алай району Ош облусу (2023-жылдын 27-октябрындагы №656-т тескеме КМКР ) – 9.4 млн сом каралган.