Ош облусуна 1.17 млрд сом бөлүндү – Финансы министрлиги

2023-жылдын 11 айында Ош облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд 172.8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен:

Бюджеттер аралык трансферттер:

·         теңдөөчү трансферт – 845.3 млн сом;

·         ыйгарым укуктарды берүүгө – 62.3 млн сом;

·         электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 19.8 млн сом;

·         башкы план – 55.3 млн сом;

·         Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздардын тамак-ашына) – 2 млн сом каралган;

·         жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 54.7 млн сом;

·         бирдиктүү салыктын ордун толтурууга – 96.6 млн сом;

·         Алай району (Талды-Суу а/о) – 5.4 млн сом;

·         Өзгөн району (Ак-Жар жана  Ийри-Суу а/о) – 18.5 млн. сом;

·         Көк-Жар айыл өкмөтү Ноокат району Ош облусу (2023-жылдын 25-октябрындагы №651-т тескеме КМКР) – 3.5 млн сом;

·         Үчтөбө айыл өкмөтү Алай району Ош облусу  (2023-жылдын 27-октябрындагы  №656-т тескеме КМКР  ) – 9.4 млн сом каралган.