Суу чарба объектилерин оңдоп-түзөө иштерине 935.6 млн сом бөлүндү

Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 935.6 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлик билдирди.

Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 634.7 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 683 гидротехникалык курулмалардын, 275 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 8 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо, 105 насостук станциялардын, 172 насостук агрегаттардын оӊдоо, 23 насостук агрегаттын жаӊылоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 223,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылып, натыйжада 4472 га сугат жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

Ал эми, Суу ресурстары кызматынын 2023-жылдын “капиталдык оңдоолор” титулдук планына ылайык оңдоо-калыбына келтирүү жана механикалык тазалоо иштери 2023-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.