2023 жылдын 11 айында бюджетке салыктык эмес кирешелерден 72.9 млрд сом түштү

Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын 11 айына карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 72.9 млрд сомду түзүп, бул жалпы кирешелердин 17%ын түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

2023-жылдын 11 айына карата жалпы норматив менен жеткирилген салыктык эмес кирешелердин жеткирилген планы 54.4 млрд сомду түздү, ал эми 11 айда аткарылганы 72.9 млрд сом болуп, пайыздык көрсөткүч планга карата 34% ды түзүп, ал эми 11 айга карата пландагыдан 18.5 млрд сомго ашыкча жыйналган. Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылдын 11 айына карата салыштырмалуу кирешелер 27.9 млрд сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы – 62.2%.

2023-жылдын 11 айына карата салыктык эмес кирешелердин негизги өсүү көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдөн: акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддерге – 16.7 млрд сом өлчөмүндө тушүп, планга карата 96.6% ды түзүп, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 12.5 млрд сомго ашык түштү, ошондой эле 11 ай ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн 21.9 млрд сом түшкөн, мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымдар боюнча 2.7 млрд сом түшүп, ошондой эле республиканын аймагындагы тоокен тармагында иштеп жаткан ишканалардан жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдөн 1.8 млрд сом түшүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 430.81 млн сомго ашыкча жыйналып, өсүү ыргагы – 130.8% түзгөн.