Бюджеттен Нарын облусуна 540 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 11 айында Нарын облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 540 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен, бюджеттер аралык трансферттер:

• теңдөөчү трансферт – 426.3 млн сом;

• айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 32.5 млн сом;

• электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 44.9 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 16.4 млн сом;

• бирдиктүү салык компенсациясына – 19.9 млн сом.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 78 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, административдик реформаны ишке ашырырууга республикалык бюджетен ар бир жаны түзүлгөн айыл аймака 10,0 млн сомдон, жалпысы 270 млн сом республикалык бюджеттен болүнүп берилди.