> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги Чүй облусуна 689.5 млн сом бөлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/14/finansy-ministrlighi-chui-oblusuna-689-5-mln-som-boldu/
- Published: 2023-12-14T08:07:36.000Z
- Updated: 2023-12-14T08:07:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 11 айында Чүй облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 689.5 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Анын ичинен, бюджеттер аралык трансферттер:

• теңдөөчү трансферт – 293.7 млн сом;

• айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 44.3 млн сом;

• электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1.2 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 113 млн сом;

• бирдиктүү салык компенсациясына – 237.3 млн сом;

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 238.1 млн сом бөлүнүп берилди. 

Ошондой эле, Токмок шаарынын жылуугуна “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын жылуулука болгон карызын жабууга республикалык бюджеттен – 25.5 млн сом каржыланды.