Финансы министрлиги Чүй облусуна 689.5 млн сом бөлдү

2023-жылдын 11 айында Чүй облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 689.5 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен, бюджеттер аралык трансферттер:

• теңдөөчү трансферт – 293.7 млн сом;

• айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 44.3 млн сом;

• электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1.2 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 113 млн сом;

• бирдиктүү салык компенсациясына – 237.3 млн сом;

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 238.1 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, Токмок шаарынын жылуугуна “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын жылуулука болгон карызын жабууга республикалык бюджеттен – 25.5 млн сом каржыланды.