> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда күздүк айдоо астындагы ным топтоо сугат иштери аяктады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/14/kyrghyzstanda-kuzduk-aidoo-astyndaghy-nym-toptoo-sughat-ishtieri-aiaktady/
- Published: 2023-12-14T05:23:38.000Z
- Updated: 2023-12-14T05:23:37.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан боюнча учурда Баткен облусунан тышкары күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугат иштери аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

2023-жылдын 1-декабрына карата жалпы суу булактарынан суу алуу план боюнча 8.3 млрд м3, ал эми иш жүзүндө 8 млрд м3 же болбосо 97% аткарылган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 171.6 млн.м3 көп.

Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 601,1 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 609,3 млн.м3, план 101 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 430,8 миң га болсо, иш жүзүндө 415,8 миң га, же болбосо 97 % аткарылган. 

**Ош облусу** боюнча сугатка суу берүү планда 1074,2 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 999,4 млн.м3, план 93 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 692,3 миң га болсо, иш жүзүндө 647,2 миң га, же болбосо 93% аткарылган. 

**Жалал-Абад** облусу боюнча сугатка суу берүү планда 906,3 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 913,9 млн.м3, план 101 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 549,6 миң га болсо, иш жүзүндө 554,5 миң га, же болбосо 101 % аткарылган. 

**Ысык-Көл** облусу боюнча сугатка суу берүү планда 520,2 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 502,0 млн.м3, план 97 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 355,5 миң га болсо, иш жүзүндө 336,4 миң га, же болбосо 95 % аткарылган. 

**Нарын** облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 594,5 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 565,7 млн.м3, план 95 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 303,6 миң га болсо, иш жүзүндө 251,3 миң га, же болбосо 83 % аткарылган. 

**Чүй** облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 1645,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 1391,2 млн.м3, план 85 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 1170,7 миң га болсо, иш жүзүндө 994,5 миң га, же болбосо 85 % аткарылган. 

**Талас** облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 733,5 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 674,8 млн.м3, план 92 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 370,4 миң га болсо, иш жүзүндө 324,5 миң га, же болбосо 88 % аткарылган.