> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Республикалык бюджеттен Талас облусуна 250.1 млн сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/14/riespublikalyk-biudzhiettien-talas-oblusuna-250-1-mln-som-bolundu/
- Published: 2023-12-14T06:00:07.000Z
- Updated: 2023-12-14T06:00:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 11 айында Талас облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 250.1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Анын ичинен, бюджеттер аралык трансферттер:

• теңдөөчү трансферт – 176.7 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 13.9 млн сом;

• электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1.6 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 29.6 млн сом;

• бирдиктүү салык – 28.3 млн сом;

Мындан тышкары, Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнө – 5.2 млн сом бөлүндү.