Акылбек Жапаров: КМШ мамлекеттеринин инвестициялык кызматташтыгын жакшыртуу керек

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Акылбек Жапаров россиялык тарапка салттуу меймандостугу жана Россиянын борборунда өтүп жаткан жыйындын мазмундуу программасы үчүн ыраазычылык билдирди.