Жогорку Кеңештин комитети Соцфонддун бюджетин колдоду

2023-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “КРнын Социалдык фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “КРнын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, талкуунун жүрүшүндө депутат Карим Ханджеза камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүнө, республикадагы пенсия системасын реформалоого көңүл бурду.

Ал эми депутат Таалайбек Сарыбашов имараттарды Социалдык фондго ижарага берүү маселесин көтөрүп: "Социалдык фондду өнүктүрүүгө каражат максаттуу жумшалышы кажет, аны ордуна силер эмгек акыны көтөрүп алдыңар", - деди Таалайбек Сарыбашов.

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев Социалдык фонддун 4 бөлүмү ижарага алынган жайларды жайгашканын маалымдап, фонддун иши Министрлер кабинетинин токтомдорунун негизинде жөнгө салынарын кошумчалады.

Ошондой эле депутат Камила Талиева 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38% көбөйгөнүн белгилеп, ошол эле учурда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин үстөк акысын 2 миң сомдон 5 миң сомго көтөрүүнү сунуштады.

Андан тышкары, эл өкүлү Эмиль Токтошев пенсияны жогорулатуу маселесине токтолуп, 2024-жылы бул максатка белгиленген өлчөмдө каражат бөлүп берүү маселесин ортого салды. Муну менен катар бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген жарандар үчүн тиешелүү коэффициенттерди белгилөө керектигин айтты.