Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо боюнча 298.3 млн сом бөлүндү

Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо боюнча 298.3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 350 млн сомду түзүүдө.

2023-жылдын 14-декабрына карата бул Долбоордун алкагында Баткен облусунун 336 ишкердик субъекттерине 298.3 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилген.