Бишкек жана чүй облусун газдаштырууга 34 субъектке 4 млн сом берилди

2023-жылы “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча 34 субъектке 4 млн сом берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттары аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 1млрд сомду түзөт.

2023-жылдын 14-декабрына карата Долбоордун алкагында республиканын 34 каржылоо субъекттерине 4,06 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.