KOICA уюмунун өкүлдөрү Ысык-Көлдүн жетекчиси менен жолугушту

2023-жылдын 20-декабрында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров кореялык KOICA уюмунун органикалык айыл чарба саясаты боюнча долбоордун менеджери Ли Минхо баштаган  делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун перспективалары талкууланды. Бул тууралуу облустук администрациясы билдирди.

Облус аймагында KOICA тарабынан колдоого алынып, ишке ашкан долбоорлор айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизип келүүдө. Тактап айтканда, уюмдун жардамы аркасында Ак-Суу районунун Маман айылында өндүрүш процесстерин жакшыртууга жардам берген цех курулган. Теплоключенка айылында картошканы сорттоочу мини-комплекс ачылды, Тосор айылында жемиштерди кайра иштетип, шире чыгаруучу цех курулган.

Эмилбек Абдыкадыров KOICAга жигердүү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өнөктөштүктүн негизинде аймактык инфраструктураны туруктуу өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгиледи.