> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан азыктардын 4 түрүн импорт менен камсыздады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/21/kyrghyzstan-azyktardyn-4-turun-import-mienien-kamsyzdady/
- Published: 2023-12-21T11:15:20.000Z
- Updated: 2023-12-21T11:15:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.**

Анын айтымында, быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер) менен камсыз болду.

> "Калган азыктардын 4 түрү (ун, өсүмдүк майы, жумуртка, жемиштер) менен камсыздоо импорттук ташып келүүлөр менен камсыздалды ", - деди министр.

Жаныбековдун маалыматында, жыйынтыгында республиканын ички агро азык-түлүк рыногунда туруктуу абал сакталды.

"Өзгөчө кырдаалдар, азык-түлүктөргө ажиотаждык керектөөлөр, тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүүсү жаралган жок", - деп баса белгиледи ал.