Кыргызстан азыктардын 4 түрүн импорт менен камсыздады

Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер) менен камсыз болду.

"Калган азыктардын 4 түрү (ун, өсүмдүк майы, жумуртка, жемиштер) менен камсыздоо импорттук ташып келүүлөр менен камсыздалды ", - деди министр.

Жаныбековдун маалыматында, жыйынтыгында республиканын ички агро азык-түлүк рыногунда туруктуу абал сакталды.

"Өзгөчө кырдаалдар, азык-түлүктөргө ажиотаждык керектөөлөр, тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүүсү жаралган жок", - деп баса белгиледи ал.