Токмокто базальт буласын чыгаруу заводу курулат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында “Базальт булалары жана материалдар” мамлекеттик программасын ишке ашырууга байланышкан жыйын болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. 

Анда Бакыт Төрөбаев, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикалык жактан өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизген маанилүү тармактардын бири кайра иштетүү өнөр жайы. Маселен, өнөр жай ички дүң өндүрүмдүн 17%  берет. Ошол себептүү, чийки заттарды кайра иштетүүчү өнөр жайлар аркылуу мамлекеттин экспорттук потенциалын жогорулатууну дагы көздөйбүз”, – деди Бакыт Төрөбаев. 

Белгилей кетсек, “Базальт булалары жана материалдар” мамлекеттик программасы ишке ашырылса, Чүй облусунун Токмок шаарына “Үзүлбөгөн базальт буласы жана арматураланган композиттик материалдар” заводу курулат. Тагыраагы, заводдон чыгарылган материалдарды – турак-жайларды жылуулаганга, имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун кармоо, унаа жана темир жолдорду курууда, энергетика жана айыл чарба тармактарында колдонууга болот.