> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курулуш үчүн 2024-жылга 8 млрд сом бекилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/12/25/kurulush-uchun-2024-zhylgha-8-mlrd-som-biekildi/
- Published: 2023-12-25T04:45:59.000Z
- Updated: 2023-12-25T04:45:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Курулуш үчүн 2024-жылга 8 млрд сом бекилди, бирок убагында мындан дагы кескин көп болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча минкабдын жыйынында билдирди.**

**Өз сөзүндө Бакыт Төрөбае**в, 2024-жылга жалпысынан 381 объектте курулуштарды пландалып жатканын билдирди.

> “Анын ичинде 248 объект жаңы курулат, 80 объект 1 млрд сомго капиталдык оңдоодон өтөт. Узакка созулган 135 объект бүтөт. 55 айылга таза суу кирет. 2024-жылы жаңы 154 мектеп жана 45 бала бакча курулушун пландаштырылууда. Андан тышкары, 58 мектеп жана 5 бала бакчада оңдоп-түзөө иштери пландаштырууда. 2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, 2024-жылы Саламаттык сактоодо 1 млрд сомго 23 объект курулат.