> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2010-жылдын апрель-июнь айларында жабыркагандарга жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/09/2010-zhyldyn-apriel-iiun-ailarynda-zhabyrkaghandargha-zholokpuldun-olchomu-koboituldu/
- Published: 2024-01-09T05:54:28.000Z
- Updated: 2024-01-09T05:54:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министристирлиги билдирди.**

Министрлер кабинетинин 26-декабрь 2023-жылдагы токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон **4500 сомго** чейин көбөйгөн. Бүгүнкү күндө ай сайын кошумча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды түзөт, алардын ичинен:

- 18 жашка чейинки балдар – 194 адам;
- майыптыгы бар адамдар – 215 адам;
- ата-энелер – эки адам.