2010-жылдын апрель-июнь айларында жабыркагандарга жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү

2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министристирлиги билдирди.

Министрлер кабинетинин 26-декабрь 2023-жылдагы токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго чейин көбөйгөн. Бүгүнкү күндө ай сайын кошумча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды түзөт, алардын ичинен:

  • 18 жашка чейинки балдар – 194 адам;
  • майыптыгы бар адамдар – 215 адам;
  • ата-энелер – эки адам.