Импорттолуучу айыл чарба продукциясынын бир нече түрү кошумча нарк салыгынан бошотулду

Министрлер кабинети айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн импорттоо үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотуу мөөнөтүн 2024-жылдын аягына чейин узартты. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Төмөнкү товарлардын салык салынуучу беримдерине жана салык салынуучу импортуна 0% кошумча нарк салыгынын ставкасы колдонулат:

  • инкубациялоо үчүн үй тоокторунун уруктандырылган жумурткалары;
  • дан эгиндеринин саманы жана топону;
  • арпа;
  • сулу;
  • кубулма форель балыгынын тоюту;
  • улпак, чар, кебек жана башка калдыктар;
  • крахмалды өндүрүүдөн чыккан калдыктар, кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому, кантты  өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудан же винону ачытуудан башка калдыктар;
  • соя майын чыгаруудан алынган, жанчылбаган же жанчылган күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар;
  • өсүмдүк майларын же соя жана арахис калдыктарынан башка майларды чыгаруудан алынуучу, майдаланбаган же майдаланган күнжара жана башка катуу калдыктар;
  • өсүмдүктөрдөн алынган азыктар жана өсүмдүктөрдүн калдыктары жана калдык азыктар;
  • айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу азыктар;
  • ири мүйүздүү мал.