Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3.2 млрд долларын түздү

2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 млрд 236 млн АКШ долларын түздү (салыштыруу үчүн: 2022-жылдын декабрь айында 2 млрд 798 млн АКШ доллары). Бул тууралуу КРУБ билдирди.

Такталгандай, резервдин ликвиддүү бөлүгүн карасак, бул көрсөткүч 2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча 3 млрд 160 млн АКШ долларынан ашкан (салыштыруу үчүн: 2022-жылдын декабрь айында 2 млрд 718 млн АКШ доллары).

Улуттук банк резервди улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун сактоо, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин тейлөө үчүн колдоно тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.