Кыргызстандын ИПДсы 1.2 трлн сом түзүп 6.2% көбөйдү

Кыргызстандын ИПДсы 2023-жылдын январь-декабрында алдын ала эсептөөлөр боюнча 1.2 трлн сомдон ашып жана 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6.2%га көбөйдү.  Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Такталгандай, өнөр жай продукциясынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 483 млрд сомго жакынды түздү жана 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу резина, пластмасса буюмдарынын жана курулуш материалдарынын (1,7 эсеге), фармацевтикалык продукциянын (34,9 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (19,6 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийимдин, тери жана булгаары буюмдарынын (19,2 пайызга), химиялык продукциялардын (11,8 пайызга) , тазаланган мунайзаттардын (8,9 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,7 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (3,1 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 2,7 пайызга көбөйдү. Оң тенденциялар дүң жана чекене соодада байкалган, мында көлөмдүн өсүшү 17,7 пайызды, ошондой эле курулушта 10,3 пайызды түзгөн.

2023-жылдын январь-декабрында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 7,3 пайызды түздү. Мында азык - түлүк эмес товарларга баалар 12,2 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 11,3 пайызга, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга-3,4 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 9,1 пайызга жогорулады.

Өткөн жылы керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалган. Мында баалардын максималдуу өсүшү (12,7 пайыз) Нарын облусунда белгиленген, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын эң көп жогорулашы (19,4 пайызга) менен шартталган.