Айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусу берилет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестицияларды долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын отурумун өткөрдү.

Жыйында айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү зарылдыгы каралды. Талкуунун жыйынтыгында, комиссиянын мүчөлөрү“Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу” долбооруна, “Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу” долбооруна жана “Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу” долбооруна “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү чечимин кабыл алды.

Ага ылайык, жогорудагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар компаниялар кошумча нарк салыгынан, сатуу салыгынан, киреше салыгынан белгилүү мөөнөткө бошотулат жана мындан сырткары бир катар жеңилдиктер берилет. Мындай кадам менен долбоорлорду кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Төрөбаев, айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү аркылуу инвестиция тартууну жогорулатууга болоорун белгиледи. Ошондой эле, республиканын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, жумуш орундарынын түзүлүүсүнө, аймактарда өнөр жай жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берээрин кошумчалады.