Нарында университеттер регионду өнүктүрүү программаларын иштеп чыгат

Нарында университеттер менен биргеликте регионду өнүктүрүү программалары иштелип чыгууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, облус жетекчиси А. Эргешов, 15-январда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин экономикалык багыттагы профессордук-окутуучулук жамаатын кабыл алып, облустун өнүктүрүү планын иштеп чыгууда биргелешип иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.