> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги Кытайга продукцияны экспорттоо шарттары тууралуу айтып берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/18/ekonomika-ministrlighi-kytaigha-produktsiiany-eksporttoo-sharttary-tuuraluu-aityp-bierdi/
- Published: 2024-01-18T04:54:09.000Z
- Updated: 2024-01-18T04:54:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылдын 17-январында Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда төмөнкү маселелер боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, жолугушууда төмөнкү маселелер көтөрүлдү:

· Кытайга башка өлкөлөрдөн продукциянын импортун көзөмөлдөөчү орган;

· тобокелдик деңгээли боюнча продукцияны классификациялоо;

· экспорттоочуларга талаптар;

· өндүрүүчүлөр үчүн талаптар. Жаныбарлардан алынган продуктылар. Өсүмдүк тектүү продуктылар. Эки тараптуу протоколдор. Тамак азыктары;

· реестрлерде каттоо жана CIFERдин бирдиктүү терезесинде каттоо;

· CIFERдин бирдиктүү терезесинде каттоо: өз өлкөсүнүн мамлекеттик органы тарабынан сунушталган продукциялар жана өндүрүүчү тарабынан өз алдынча берилген продукциялар;

· импорттоодо продукцияга карата талаптар. Сапатты жана коопсуздукту текшерүү. Этикеткалар. Стандарттар. Соода маркалары;

· ХАССП сертификациясы жана органикалык продукциянын сертификациясы;

Маалыматты Алматы өкүлчүлүгүнүн (CCIC) Кытай инспекциясы жана сертификаттоо тобунун директорунун орун басары Анна Новикова берди.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандан Кытайга продукцияны экспорттоонун негизги маселелерин, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн кызматташуунун мындан аркы келечектүү багыттарын талкуулашты.