Экономика министрлиги Кытайга продукцияны экспорттоо шарттары тууралуу айтып берди

2024-жылдын 17-январында Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда төмөнкү маселелер боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, жолугушууда төмөнкү маселелер көтөрүлдү:

·      Кытайга башка өлкөлөрдөн продукциянын импортун көзөмөлдөөчү орган;

·      тобокелдик деңгээли боюнча продукцияны классификациялоо;

·      экспорттоочуларга талаптар;

·      өндүрүүчүлөр үчүн талаптар. Жаныбарлардан алынган продуктылар. Өсүмдүк тектүү продуктылар. Эки тараптуу протоколдор. Тамак азыктары;

·      реестрлерде каттоо жана CIFERдин бирдиктүү терезесинде каттоо;

·      CIFERдин бирдиктүү терезесинде каттоо: өз өлкөсүнүн мамлекеттик органы тарабынан сунушталган продукциялар жана өндүрүүчү тарабынан өз алдынча берилген продукциялар;

·      импорттоодо продукцияга карата талаптар. Сапатты жана коопсуздукту текшерүү. Этикеткалар. Стандарттар. Соода маркалары;

·      ХАССП сертификациясы жана органикалык продукциянын сертификациясы;

Маалыматты Алматы өкүлчүлүгүнүн (CCIC) Кытай инспекциясы жана сертификаттоо тобунун директорунун орун басары Анна Новикова берди.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандан Кытайга продукцияны экспорттоонун негизги маселелерин, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн кызматташуунун мындан аркы келечектүү багыттарын талкуулашты.