“Тоң балык өстүрүү заводунда” 8.8 млн даана лудога май канаты балыктарынын уруктары алынды

Балык чарба департаменти тарабынан 2023-жылдын жыйынтыгы менен баалуу балык запастарын өстүрүү жана көбөйтүү максатында “Тоң балык өстүрүү заводу” МИ 8.8 млн даана лудога май канаты балыктарынын уруктары алынып, инкубациялык цехте Вейса апараттарында салынып өстүрүүлүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ошондой эле “Соң-Көл балык чарбасы” ММ 6 млн даана лудога май канаты балыктарынын уруктары алынып, инкубациялык цехте Вейса апараттарында салынып өстүрүүлүдө.

“Иссык-Куль плюс” балык өстүрүүчү айыл чарба кооперативи лудога май канаты  балыктарынан 2.5 млн даана уруктары алынып, инкубациялык цехте Вейса апараттарында салынып өстүрүүлүдө.

“Орто-Токой Ынтымагы” ЖЧК лудога май канаты  балыктарынан 2.5 млн даана уруктары алынып, инкубациялык цехте Вейса апараттарында салынып өстүрүүлүдө.