> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң долларды түзүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2024/01/22/2023-zhyldyn-aiaghyna-karata-idp-zhan-bashyna-2-min-dollardy-tuzushu-mumkun/
- Published: 2024-01-22T11:50:25.000Z
- Updated: 2024-01-22T11:50:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң доллардытүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.**

Анын айтымында, экономиканын өсүү темпинин өзгөрүшү продукцияга таза салыктардын көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталган, анын ИДП түзүмүндөгү үлүшү 13.8%дан 16.9%га чейин өскөн.

> "2022-жылы азык-түзүккө таза салыктын үлүшү кайра эсептөөнүн негизинде өсөн. Бул үлүш 2023-жылдын декабрында ИДПны баалоодо колдонулду. 2024-жылдын январында 2022-жылга карата фактылык көрсөткүчтөрдү кайра эсептөө аягына чыгып, анда такталган маалымат боюнча ИДП 1 трлн 20 млрд сомду түздү. Бул алдын ала эсептөөлөр боюнча түзүлгөн маалыматтарга салыштырмалуу дээрлик 50 млрд сомго көптүк кылат", - деди министр.

Ошентип, анын маалыматы боюнча, ИДПнын реалдуу өсүү темпи алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде мурда жарыяланган 6.3% эмес 9% түздү. Акыркы эсептөөлөрдү Улуттук статистикалык комитет февраль айында көрсөтөт жана анда 2 миң доллардан да жогору болушу мүмкүн.