2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң долларды түзүшү мүмкүн

2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң доллардытүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, экономиканын өсүү темпинин өзгөрүшү продукцияга таза салыктардын көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталган, анын ИДП түзүмүндөгү үлүшү 13.8%дан 16.9%га чейин өскөн.

"2022-жылы азык-түзүккө таза салыктын үлүшү кайра эсептөөнүн негизинде өсөн. Бул үлүш 2023-жылдын декабрында ИДПны баалоодо колдонулду. 2024-жылдын январында 2022-жылга карата фактылык көрсөткүчтөрдү кайра эсептөө аягына чыгып, анда такталган маалымат боюнча ИДП 1 трлн 20 млрд сомду түздү. Бул алдын ала эсептөөлөр боюнча түзүлгөн маалыматтарга салыштырмалуу дээрлик 50 млрд сомго көптүк кылат", - деди министр.

Ошентип, анын маалыматы боюнча, ИДПнын реалдуу өсүү темпи алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде мурда жарыяланган 6.3% эмес 9% түздү. Акыркы эсептөөлөрдү Улуттук статистикалык комитет февраль айында көрсөтөт жана анда 2 миң доллардан да жогору болушу мүмкүн.